Жашыл таксономия долбоору даярдалды — ал эмне жана кантип ишке ашат?

Sputnik
Министрлер кабинетинин 2050-жылга карата көмүртектин нейтралдуулугуна жетишүү саясатын ишке ашыруунун алкагында Экономика жана коммерция министрлиги жашыл таксономия долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Жашыл таксономия климаттык инвестицияларды тартуу үчүн жагымдуу чөйрөнү түзүүнүн негизги куралы болуп бере алабы деген суроонун айланасында Экономика жана соода министрлигинин стратегиялык пландаштыруу башкармалыгынын башчысы Эрмек Ашыров менен сүйлөштүк.