Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Лавров Кэмерондун РФ аймагына сокку уруу тууралуу сөзүнө комментарий берди

Лавров Рейтер агенттиги Кэмерон "өкүнгөнүн" анонс кылып, бирок ошол эле текстти кайра сайтка жүктөгөнүн белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 6-май. — Sputnik. Дэвид Кэмерон өкүнгөн жок, мындай адамдарга ал сезим жат. Бул тууралуу Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Улуу Британиянын ТИМ башчысынын билдирүүсүнө комментарий берип жатып айтканын РИА Новости жазды.
Буга чейин Рейтер агенттиги Улуу Британиянын ТИМ башчысы Кэмерондун маегин жарыялаган. Анда ал Украина Лондон тарабынан жеткирилген курал менен Россиянын аймагына сокку урууга укуктуу деген пикирин айткан. Көп өтпөй жаңылык өчүрүлүп, бир нече убакыттан кийин кайрадан ошол эле калыбында жарыяланган.
"Россиянын аймагындагы бардык буталарга сокку урарын айтты. Кэмерон өкүнгөн жок. Мындай адамдарга ал сезим жат", — деген дипломат.
Лавров Кэмерондон интервью алган Рейтер агенттиги ал "өкүнгөнүн" анонс кылып, бирок ошол эле текстти кайра сайтка жүктөгөнүн белгиледи. Анын айтымында, британ ТИМ башчысы Украина Лондон берген куралды Россияга сокку уруу үчүн колдонсо боло турганын тастыктады.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Кэмерон Киевдин Россияга сокку уруу "укугу" тууралуу айтты. ТИМдин жообу