Рамиз Алиев Бишкектин вице-мэри болду. Ал мурда "Тазалыкты" жетектеген

Sputnik
БИШКЕК, 6-май. — Sputnik. Рамиз Алиев Бишкек мэринин турак жай-коммуналдык чарба маселеси боюнча орун басары болду.
Ага чейин "Тазалык" муниципалдык ишканасын жетектеп келген.
Буга чейин мэрдин мурдагы орун басары Жыргалбек Шамыралиев иштен өзүнүн каалоосу менен кеткен. Эки документке тең мэр Айбек Жунушалиев кол койгон.
Алиев "Тазалыкты" жетектеп турганда социалдык тармактагы активдүүлүгү менен да таанымал болгон. Ал таштандыны туура эмес жерге ыргыткан жарандарды тартып алып, жарыялап турган.
Мэрия түндө иштеген "тазалыкчыларга" атайын жабдуу сатып берди. Видео