БИШКЕК, 4 май — Sputnik. "Чоң жетиликтин" өлкөлөрүнүн өкүлдөрү орус активдерин толук конфискациялоо маселеси азыр талкууга алынбай турганын айтышууда. Бул тууралуу Financial Times жазды.
Белгиленгендей, Украина Россиянын мүлкүн толук конфискациялоону талап кылууну улантууда.
"Анын ордуна G7 тоңдурулган активдерден каражат алуунун альтернативдүү жолдорун изилдеп жатат. Европа өлкөлөрү өч алуудан корккондуктан активдерге тиешелүү болгон бардык нерселерден алыс болгусу келет", — деди басылма.
Украинада атайын операция башталгандан кийин G7 өлкөлөрү жана Евробиримдик Россиянын 300 миллиард еврого жакын валюта корунун дээрлик жарымын тоңдурду. Батыш мамлекеттери бул байлыктарды камакка алып, Киевге өткөрүп берүүнүн жолун активдүү издөөдө.
Кремль мындай чечимди кабыл алуу "эл аралык укуктун бардык нормаларын бузуунун дагы бир кадамы болот" деп билдирди. Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров эгер Россиянын тоңдурулган активдери конфискацияланса "аракеттерди көрө баштайт" деп эскертти.