Кэмеронду Борбор Азиядагы баасы асман чапчыган турнеси үчүн сындашты

Британиялык саясатчылардын маалыматына караганда, Дэвид Кэмерон эң кымбат делген менчик учактардын бирин жалдаган.
Sputnik
БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Улуу Британиянын тышкы иштер министри Дэвид Кэмерон Борбор Азия турнесинде кызматы 52 миллион доллардан көбүрөөк турган Embraer Lineage 1000 учагын жалдаганы үчүн катуу сынга кабылды. Бул туурасында The Guardian басылмасы жазды.
ЖМКлар өткөн аптада Кэмерон беш күндүк сапарга чыгып, Тажикстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Казакстан жана Монголияга барганын жазган.
Чартердик фирманын сайтында бортто баасы "кудайга шүгүр" болгон кызматтар көрсөтүлөрү жазылган. "Талабы катуу болгон жүргүнчүлөргө" шарапты жакшы өздөштүргөн киши иштейт, түшкү тамактанууга ылайыкталган стол жана узун дивандар коюлган эс алуу аянты да бар.
Министрди сындагандардын башында көмүскөдөгү башкы прокурор Эмили Торнберри болду.
"Дэвид Кэмеронго бир жумада бир нече мамлекетти кыдырганга учак алууга туура келгендир, бирок бул салык төлөөчүлөрдүн эсебинен жүз миңдеген фунтка рыноктогу эң кымбат деген учакты жалдаганын актабайт", — деп Х тармагына пост жазып, борттогу сүрөттөрдү жайгаштырган.
Кэмерондун сапарынын алдында өкмөт британ бизнесинин мүмкүнчүлүктөрүн чет жактарга жылдыруу маселеси көтөрүлөрүн жана аймактарда өлкөнүн суверендүүлүгүн колдоо үчүн 50 миллион фунт стерлинг бөлүнөрүн айткан.
ТИМ бул кырдаалга комментарий берген.
"Тышкы иштер министринин кызматы — Улуу Британиянын кызыкчылыктарын чет жактарга чыгып көрсөтүү. Сөз болуп жаткан учур аны жасоонун эң майнаптуу ыкмасы болчу. Баа жана анын сапаты сапар тууралуу бардык чечимдерди кабыл алып жатканда эске алынат, ал эми кеткен чыгым айкындык үчүн жарыяланып турат", — деп билдирди ТИМ.
Басылма былтыр Жеймс Кэмерондон мурда кызматта турган Клеверли да 400 миң евро (348 миң фунт стерлинг) үчүн сынга алынганын жазды. Ал кездеги министр Кари аймагы жана Латын Америкасын сегиз күн кыдырыш үчүн ушул эле типтеги учакты пайдаланган. Премьер Риши Сунакты Улуу Британиянын эле ичинде ары-бери учканды жакшы көргөнү үчүн да сындашкан.
Садыр Жапаров Улуу Британиянын ТИМ башчысын кабыл алды