Россия БУУ жыйынында АКШнын санариптик диктатура орнотуу ниети тууралуу айтты

Дипломат Вашингтон санариптик чөйрөдө глобалдык диктатураны орнотууга аракеттенип жатканын айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. АКШ дүйнөдө санариптик диктатураны орнотууга умтулууда. Бул тууралуу БУУнун Башкы ассамблеясынын маалымат комитетинин жыйынында Россиянын уюмдагы туруктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Дмитрий Полянский билдиргенин РИА Новости жазды.
Анын айтымында, интернетти көзөмөлдөө рычагдары жалпы жонунан Батышта жайгашкан жана алардын юрисдикцияларында АКШнын негизги IT-монополисттери катталган. Мындан пайдаланып Вашингтон түпкү максаты санариптик чөйрөдө глобалдык диктатураны орнотууга түртө турган аракеттерди кубаттоодо.
Полянский Батыш алтернативдүү маалыматты чектөө аркылуу санариптик мейкиндикти толук көзөмөлдөөгө багытталган өбөлгөлөрдү түзүүдө деп эсептейт.

"Мисалы, Батыш IT-монополисттеринин сайттарында акыркы убакта ксенофобиялык, расисттик, улутчул жана русофобиялык материалдар жайылтылууда, бирок алардын модераторлору буга көңүл бурган жок", — деп белгиледи дипломат.

Ошол эле ал Батыштыкынан айырмаланган көз карашты чагылдырган ЖМКлар жана катардагы колдонуучулардын каналдары менен аккаунттары бөгөттөлүп жатканына токтолуп, мунун артында АКШнын мамлекеттик органдары турарын боолгологон.
Шойгу: АКШ Борбор Азиядагы позициясын калыбына келтирүү аракетин күчөттү