БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Адамдын репродукциясы боюнча Кыргыз илимий борборунда бир жума мурун, 22-апрелде, жаңы төрөлгөн ымыркай чарчап калганын Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Белгиленгендей, бала 18-апрелде төрөлүп, төрт күндөн кийин көз жумган.
Министрлик окуянын чоо-жайын аныктай турган жумушчу топ түздү.