Кыргыз адабияты орус тилинде. Көркөм котормо эми жанданабы?

Sputnik
Эгемендүүлүк алгандан бери кыргыз адабиятында көркөм котормо жанры солгундап калганы жашыруун эмес. Негизи эле адабиятка аз көңүл бурулуп, кунары качып турганын калем ээлери айтып келген. Соңку жылдары бул жаат да колго алынып, Улуттук Жазуучулар союзуна каражат бөлүнүп, имараты ремонттолуп, акын-жазуучулардын сүйүнүп турган учуру. Бирок ошентсе да котормо жанрында алгылыктуу иштер жасала элек.
Бул багытта өзү түптөп, котормо менен алектенүүнү пландап турган эл аралык "Дүйнөлүк адабият" институтунун алкагында иш алып барууга акын Нурлан Калыбеков камынып турган чагы. Алгач ишти орус калемгерлери менен биргеликте баштаган.