"Титаниктеги" эң бай адамдын алтын сааты 1,5 миллион долларга сатылды

Жон Астор өз заманынын эң бай адамдарынын бири деп саналган.
Sputnik
БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. "Титаниктин" эң бай жүргүнчүсүнө таандык болгон алтын саат Улуу Британиядагы аукциондо дээрлик 1,5 миллион долларга сатылганын RT басылмасы жазды. Bloomberg жазган кабарда бул — атактуу кемедеги эстелик буюм эң кымбат сатылган окуя. Саатты америкалык жеке коллекционер алган.
Жон Астор (сүрөттө төртүнчү) өз заманынын эң бай адамдарынын бири болуп саналган. Анын капиталы 87 миллион долларга жакын деп эсептелген, азыркы эсепте бир нече миллиард долларга тете.
Кырсык учурунда Астор аялын кайыкка отургузуп, өзү кемеде калган. Миллионердин сөөгүн кеме сууга чөгүп кеткенден жети күндөн соң табышкан. Андан JJA оюулары түшүрүлгөн 14 караттуу алтын саат табылган.
Кыйрап жаткан "Титаник". Атлантиканын түбүнөн жүрөк үшүткөн видео тартылды