Кыргызстан Ислам өнүктүрүү банкы менен 79 млн. долларга келишим түздү

Каражат ислам стандарттары боюнча турак жайды ипотекага берүүгө жумшалат.
Sputnik
БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Кыргызстан Ислам өнүктүрүү банкы (ИӨБ) менен 79 миллион долларга келишим түздү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.
1 / 2

Кыргызстан Ислам өнүктүрүү банкы (ИӨБ) менен 79 миллион долларга келишим түздү

2 / 2

Келишимге өкмөт башчынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев менен аталган банктын президенти Мухаммед Сулайман Аль-Жассир Сауд Арабиядагы жолугушуусунда кол койду

Келишимге өкмөт башчынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев менен аталган банктын президенти Мухаммед Сулайман Аль-Жассир Сауд Арабиядагы жолугушуусунда кол койду.
Маалыматта алынчу каражат “Шарият стандарты боюнча жеткиликтүү турак жайды каржылоо” долбооруна жумшалары айтылды.
“Долбоор ишке кириши менен миңдеген муктаж үй-бүлөлөрдү ипотека аркылуу батир менен камсыз кылат. Калкты турак жай менен камсыз кылуу мамлекеттик саясаттын негизги багыттарынын бири жана ал президенттин көзөмөлүндө турат”, — деди өкмөттүн өкүлү.
Мындан тышкары, Касымалиев ИӨБдүн жетекчисин Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушунун долбоору менен тааныштырып, Кыргызстан уюштуруп жаткан ушул жылдын июнь айында Вена шаарында өтө турган Эл аралык энергетикалык инвестициялык форумга катышууга чакырды.
Ислам өнүктүрүү банкынын жетекчиси өз кезегинде Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушун каржылоого катышуу маселесин карап чыгарын айтты.
Россия — Кыргызстан: парламенттер аралык комиссиянын кезектеги жыйыны өттү