Бишкекте дүйнөдө биринчи жолу "Ы" тамгасына эстелик коюлат

Sputnik
БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Бишкекте дүйнөдө биринчи жолу "Ы" тамгасына эстелик коюлат.
Арт-объект Бишкек шаарынын күнүнө карата 29-апрелде "Ынтымак" паркында ачылат. Иш-чараны "Российская газета" менен Бишкек мэриясы уюштурууда.
Кыргызча-орусча сөздүктө "ы" тамгасынан башталган 600дөн ашуун сөз бар.
Арт-объектиге QR-код коюлуп, ал аркылуу Кыргызстандын географиясы, кыскача тарыхы, эли тууралуу кыргыз жана орус тилдеринде маалымат алууга болот.
Балыкчыда жыгач арабанын инсталляциясы жасалды. Сүрөт