Чарчап калган 4 айлык кыздын окуясы боюнча дагы бир иш козголду

Милициядан 61 жаштагы аял башка адамдар менен бала сатууну уюштурганын белгилешти.
Sputnik
БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Бишкекте клиниканын мурдагы кызматкери, акушер-гинеколог кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, кармалган 61 жаштагы А.Б. аттуу жаран бала сатуу боюнча айыпталууда.
Эске сала кетсек, Башкы прокуратура Бишкек шаарындагы Балдарды реабилитациялоо жана үй-бүлөнү колдоо борборунда 12-апрелде шалаакылыктын айынан төрт айлык бала чарчап калганын маалымдаган. Анда соцкызматкер менен милиция багып жаткан аялдан баланы тартып алып, борборго жайгаштырганы айтылган. Кийин аталган борбордун жетекчиси кызматкерлер бардык функционалдык милдеттерин так аткарышканын айтып чыккан.
Милициядан шектүү белгисиз адамдар менен алдын ала сүйлөшүп, балдарды сатып, өзгөчө оор кылмыш жасаганын айтышты. Октябрь райондук соту тарабынан медиктин баш коргоо чарасы каралып, Бишкек шаарынын №21 мекемесине камакка алынганы кошумчаланды.
Ымыркайдын көчөгө ташталбашы үчүн төрөт үйүндө жашыруун төрөөгө мүмкүнчүлүк түзүлөт