Тамакка ууланып калбаш үчүн биле жүрчү эрежелер

Күн жылыганда майонез жана каймак кошулган салаттар, каймак кошулган кондитердик азыктар, шаурма кооптуу экени белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Ден соолукту чыңдоо борбору тамакка уулануу курч оорулардын бири экенин эскертип, аны кантип алдын алса болорун айтты.
Билдирмеге караганда, үй шартында жасалган консерванттар, майонез жана каймак кошулган салаттар, каймак кошулган кондитердик азыктар, фарш жана балык азыктары, шаурма, желе кооптуу тамакка кирерин белгилеген.
Начар жуулган жашылча-жемиштерде жугуштуу ооруларды козгогон вирустук инфекциялар болуп калышы мүмкүн экени эскертилди.
Тамак-аштан уулануу жана ичеги-карын инфекцияларын алдын алуу чаралары:
тамак-аш сатууга уруксат берилбеген жерлерден жей турган эч нерсе сатып албагыла;
тез бузулуучу азыктарды (сүт жана колбаса азыктары, даяр салаттар, каймак кошулган кондитердик азыктар) жана балдар жей турчу тамак-аш аларда жарактуулук мөөнөтүнө жана сактоо шарттарына көңүл бургула;
жарактуулук мөөнөтү өтүп кеткен продукцияны колдонбоңуз;
жашылча, мөмөлөрдү сөзсүз жакшылап жууп колдонуу керек;
дат баскан, деформацияланган, этикеткасы жок консерваларды сатып албаңыз;
тамак-аш даярдоодо өздүк гигиенаны сактаңыз. Маселен, тамак жасаарда колду жууп, эт, жашылча туураган тактайларды жууп туруу керек;
азыктарды жакшылап кайнатып бышыргыла.
Кыргызстанда тамак-аш коопсуздугун көзөмөлдөгөн атайын орган жок. Адистин маеги