Бишкектин Чыгыш-5 аймагындагы Чүй проспектисинде кыймыл эки жума чектелет

Бүгүн борбор калаанын бир бөлүгүндө жылуулук түйүнүн оңдоп-түзөө иштери башталары айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу Чүй проспектинин Төрөкул Айтматов менен 7-Апрель көчөлөрүнүн ортосундагы бөлүгүнө чектөө киргизилет. Бул тууралуу "Бишкек жылуулук түйүнү" ишканасынан маалымдашты.
Билдирүүдө Чыгыш-5 кичи районунун аймагындагы жолдун бир гана тилкеси жабылары айтылган, унаалар жолдун экинчи тилкеси менен жүрө алат.
Түтүктөрдү алмаштыруу жана башка оңдоп-түзөө иштери эки аптага созулат. Жылуулук тармагынын бул участогу 1989-жылы ишке берилип, 35 жылдан бери колдонулууда.
"Бишкек жылуулук түйүнү" айдоочулардан каттамдарды алдын ала пландоону, кырдаалга түшүнүү менен мамиле кылууну өтүндү.
"Бишкек жылуулук түйүнү" айрым жерлерди суу капташы мүмкүн экенин эскертти