Сел күтүлбөгөн жерлерде, кылымдар бою мындай тилсиз жоого кабылбаган аймактарда болуп кетүүдө. Кайсы бир аймак жетекчисин же тиешелүү органды күнөөлөп, даярдыгы начар дегенден алыс болушубуз керек. Бул тууралуу Урматбек Шамырканов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, жаратылыш кырсыктары учурунда 112 кыска номерине чалса болот.
"Селдин негизги себеби нөшөрлөп жааган жаан болууда. Ал эми жамгырдын мындай локалдуу жаашы жалпы дүйнөдөгү климаттын кескин ысышынан улам келип чыгууда. Башкача айтканда, бир эле бизде эмес, баарыбыз күбө болуп жаткандай, сел башка мамлекеттерде да жүрүп жатат. Республикада учурда сел жүргөн аймактарда ӨКМ кызматкерлери менен жергиликтүү тургундар биргеликте иш алып барып, жергиликтүү бийликтин да, биздин да транспорттор тартылган. Бардык жапа чеккен аймактарда тилсиз жоо менен күрөшүү уланууда. Учурдан пайдаланып мен бардык жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө кайрылып кетет элем. Менин аймагымда абал туруктуу дебей табигый кырсыкты алдын алууга, кесепеттерин жоюуга даяр туруңуздар. Себеби аба ырайынын туруксуздугу 26-апрелге чейин сакталары божомолдонууда. Өзүңүздөр көргөндөй, мурда сел такыр болбогон аймактарда да кырсык катталууда. Андыктан жакшылыкты тилек кылуу менен баарыбыз кооптуу абал жаралып калса мизин кайтарууга даяр бололу, — деди Шамырканов.
Ал тилсиз жоонун кайсы гана түрү боюнча коркунуч жаралбасын адамдарда документ жана биринчи керектелчү буюмдар салынган кутучасы даяр болушу зарылдыгын кошумчалады.