Жусупбек Коргонбай уулу депутаттык мандатын тапшырып берди

Борбордук шайлоо комиссиясынын бардык мүчөсү эл өкүлүнүн ишмердүүлүгүн токтотууга макул болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Жусупбек Коргонбай уулунун ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду. Маселе БШКнын 23-апрелдеги жыйналышынын күн тартибинде каралды.
Анда Борбордук шайлоо комиссиясынын бардык мүчөсү эл өкүлүнүн ишмердүүлүгүн токтотууга макулдугун берген.
Белгилей кетсек, Жусупбек Коргонбай уулу 22-апрелде мандатын тапшыруу боюнча арыз жазган. Ал Жогорку Кеңешке бир мандаттуу система менен Ноокат шайлоо округунан шайланып келген. Мыйзам боюнча, эки ай ичинде аталган аймакта кайра шайлоо өтүшү керек.
Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңештин депутатын сотко берди