Садыр Жапаров Улуу Британиянын ТИМ башчысын кабыл алды

Британиялык министр менен буга чейин тышкы иштер министри Кулубаев да жолуккан.
Sputnik
БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров кечээ, 22-апрелде, Улуу Британиянын тышкы иштер министри Дэвид Кэмеронду кабыл алганын мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Жолугушуу учурунда кыргыз-британ эки тараптуу кызматташуунун саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, энергетикалык жана транспорт тармактарындагы келечеги боюнча пикир алмашуу болгон.
1 / 2

Президент Садыр Жапаров кечээ, 22-апрелде, Улуу Британиянын тышкы иштер министри Дэвид Кэмеронду кабыл алганын мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты

2 / 2

Жолугушуу учурунда кыргыз-британ эки тараптуу кызматташуунун саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, энергетикалык жана транспорт тармактарындагы келечеги боюнча пикир алмашуу болгон

Мындан сырткары, тараптар билим берүү, сезондук миграция жана аймактык, эл аралык күндемдин маанилүү маселелери боюнча да кеп кылышкан.
Мындан мурдараак Кэмерон тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен да жолуккан. Ал британиялык кесиптешине кызматташуунун потенциалдуу багыттары жөнүндө айтып берген. Кэмерон да мамлекети Борбор Азия, анын ичинде Кыргызстан менен кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирген.
ТИМдин маалымат кызматы Британия тарап уставдык капиталы 19 миллион фунт стерлинг болгон атайын фондду түзүү менен аймактагы чакан жана орто бизнеске колдоо көрсөтүүгө даяр экенин айтышканын билдирди.
Садыр Жапаров Франция Сенатынын делегациясын кабыл алды