Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Олжолонгон Leopard 2A5 танкасына берилген мүнөздөмө. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Украина Куралдуу күчтөрүнүн арсеналынан олжолонгон Leopard 2A5 танкасы тууралуу россиялык аскерлер видео аркылуу баяндап беришкен.
Аны Sputnik Ближнее зарубежье жарыялады.
"Сүзүлбөптүр, урулбаптыр, сырдалган эмес экен, такси кылып айдашпаптыр. Бир эле кишинин колунан өтүптүр", — деген тамаша-чын иретинде видеокомментарий берген аскер адамы.
Буга чейин Киев бийлигине германиялык союздаштары жөнөткөн Leopard 2A5 техникасын россиялык жоокерлер олжологондон кийин жүктөп алып, шаардын көчөсү менен кетип бара жаткан видео тараган.
Маалыматта аны Авдеевка аймагынан "колго түшүрүшкөнү" айтылган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Атайын аскердик операция: "Брэдли" менен "Леопарддар" кыйроодо