Санкт-Петербургдан Кыргызстанга "Жеңиш жолдору менен" мотожүрүшү башталды

Мотожүрүш луу Ата Мекендик согуш учурунда Ленинград курчоосунан эвакуацияланган 150 баланы асыраган Токтогон Алтыбасаровага арналган.
Sputnik
БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Токтон Алтыбасаровага арналган "Жеңиш жолдору менен" аталышындагы мотожүрүш башталды.
Маалыматка ылайык, "Түнкү карышкырлар" мотоклубунун өкүлдөрү Санкт-Петербургдагы Улуу Ата Мекендик согуштун учурундагы жай тургундардын элесине орнотулган монументтен Кыргызстанга жол тартышкан. Алар бул жактагы мотосүйүүчүлөр менен бирге Токтогон Алтыбасарованын бейитине барышат.
Андан кийин алар Россиядагы мотосезондун ачылышына Москвага кетишет.
Эске салсак, Токтогон Алтыбасарова Улуу Ата Мекендик согуш учурунда Ленинград курчоосунан эвакуацияланган 150 баланы асырап алган.
Радио
Чотбаев: "Өлбөс полк" акциясы 9-Майдын жөрөлгөсүнө айланды