Асыраган энесинен алып коюшкан. Бишкекте төрт айлык ымыркай чарчап калды

Бөбөктүн абалы, жаш курагы, жаңы төрөлгөн бала өзгөчө кароого муктаж экени, ошондой эле наристе төрт айдан бери багылып жатканы эске алынбаганы белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Шалаакылыктан улам Бишкекте төрт айлык ымыркай чарчап калганын Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 8-апрелде С.Н. аттуу жаран багып алган төрт айлык ымыркайына документ алуу үчүн Октябрь районунун социалдык өнүктүрүү башкармалыгына кайрылган. Ал жерден ымыркайдын өздүгүн тастыктоочу документи жок болгондуктан милицияга кабар берилген.
Милиция менен соцкызматкерлер аялдан кызды тартып алып, Бишкек шаарындагы балдарды реабилитациялоо жана үй-бүлөнү колдоо борборуна тапшырышкан. Прокуратура бул учурда бөбөктүн абалы, жаш курагы, жаңы төрөлгөн бала өзгөчө кароого муктаж экени, ошондой эле наристе төрт айдан бери багылып жатканы эске алынбаганын белгиледи.
Тилекке каршы, ымыркай 12-апрелде реабилитациялоо борборунун медициналык кызматкерлеринин шалаакылыгынан улам чарчап калган.
Факт боюнча кылмыш иши козголуп, тиешелүү соттук-медициналык экспертиза дайындалганы айтылды.
Тергөө УКМК тарабынан жүргүзүлүп жатат.
Ымыркайдын көчөгө ташталбашы үчүн төрөт үйүндө жашыруун төрөөгө мүмкүнчүлүк түзүлөт