Каныбек Иманалиев Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы болуп шайланды

Төрагалыкка Атантай Акбаров, Каныбек Иманалиев, Кожогелди Кулуев жана Жедигер Саалаев ат салышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Каныбек Иманалиев Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы болуп шайланды. Бул тууралуу чыгармачыл союздан билдиришти.
Маалыматка ылайык, төрагалыкка Атантай Акбаров, Каныбек Иманалиев, Кожогелди Кулуев жана Жедигер Саалаев ат салышкан.
Жазуучулар союзунун башкармалыгынын ичинен 128 акын-жазуучу жашыруун добуш берген. Анын алдында талапкерлер өз программалары менен тааныштырганы айтылды.
Натыйжада төрт талапкердин ичинен жогорку упай топтогон Каныбек Иманалиев (38) жана Кожогелди Кулуев (33) 2-турга өтүп, кайрадан добуш берилген.
Жыйынтыгында 70 добуш менен мурдагы билим берүү министри Каныбек Иманалиев төрага болуп шайланды.
Белгилей кетсек, Жазуучулар союзун буга чейин акын Нурлан Калыбеков жетектеп, мөөнөтү быйыл аяктаган.
Радио
Калыбеков: өлкөдө жазуучулукка даярдаган да окуу жайлар бар