БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Теги кыргызстандык космонавт Сергей Корсаков Ысык-Көл облусуна барды.
Россиянын баатыры "Билим Ордо" мектеп-комплексинин Алыкул Осмонов атындагы гимназиясында болду. Жолугушууга Чолпон-Ата шаарынын мэри Азамат Турдубеков жана мектеп директору Гүлнара Абдыкадырова да катышты.
"Өзү чоңоюп-өскөн жерин, тамырын унутпаган, балдарга татыктуу үлгү көрсөтө алган мекендешибиздин келгенине кубанычтабыз", — деген Турдубеков.
Корсаков жолугушууда окуучулардын суроолоруна жооп берди. Мектептин жамааты космонавтка Ысык-Көл жээгинен алынган кум менен колдо жасалган саатты белек кылса, мэрия эстеликке статуэтка берди.
Буга чейин космонавт "Кант" авиабазасына да барган.
Корсаков Кыргызстанга Юрий Гагариндин 90 жылдыгына карата өткөрүлгөн илимий-агартуучулук эл аралык фестивалдын алкагында келген. Иш-чараны Роскосмос, "Уникалдуу дүйнө" атомдук коммерциялык эмес уюму жана башка бир катар өнөктөштөр уюштурууда.