БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. УКМК баңгизатты коңшу мамлекеттерге жеткирүүгө жардам берген кишини кармаганын билдирди.
Спецназдар М.Ж.Н аттуу жарандын жашаган жерин тинтип, кызматтык иттин жардамы менен бөлмөсүнөн жана короосунун баңгизат таап чыкты. Анда жалпы салмагы 366,48 грамм болгон афган тектүү чарс баңгизаты алынган.
Шектүү сурак учурунда "өзүм чегем" деп жооп берген. Бирок анын үйү башка мамлекетке ташылган баңгизат үчүн база катары кызмат кылып, жума сайын болжол менен 2 килограмм гашиш өтүп турганы аныкталганы айтылат.
Чекисттер эл аралык баңги каналына бөгөт коюп, шектүүнү камакка алышкан.