Кыргызстан менен Тажикстан футзал боюнча Азия кубогунда тең чыкты

Беттештен кийин командалар төрттөн упай топтоду.
Sputnik
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Азия кубогунда Кыргызстандын футзал боюнча курама командасы Тажикстан менен ойноп, аягында тең чыкты.
Оюндун башында атаандаш тарап 2:0 эсеп менен алдыда болчу, бирок мелдештин акыркы секундаларында кыргызстандык футзалчылар эсепти теңеди.
Беттештен кийин Кыргызстан менен Тажикстандын командалары төрттөн упай топтоду, ал эми Япония менен Түштүк Кореяныкы азырынча нөл упай деп турат. Тайпалар оюн талааасында бүгүн кезикмекчи.
1 / 3

Азия кубогунда Кыргызстандын футзал боюнча курама командасы Тажикстан менен ойноп, аягында тең чыкты

2 / 3

Оюндун башында атаандаш тарап 2:0 эсеп менен алдыда болчу, бирок мелдештин акыркы секундаларында кыргызстандык футзалчылар эсепти теңеди

3 / 3

Беттештен кийин Кыргызстан менен Тажикстандын командалары төрттөн упай топтоду, ал эми Япония менен Түштүк Кореяныкы азырынча нөл упай деп турат. Тайпалар оюн талааасында бүгүн кезикмекчи.

Тайпалык этаптын соңку оюну 22-апрелде өтөт. Группадагы эки команда чейрек финалга жолдомо алары күтүлүп жатат.
Олимпиаданын футбол турниринде кыргызстандык рефери калыстык кылат