Караколдо 350 орундуу көп тармактуу оорукананын курулушу башталды

Sputnik
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Каракол шаарында 350 орундуу көп тармактуу оорукананын курулушу башталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
1 / 3

Каракол шаарында 350 орундуу көп тармактуу оорукананын курулушу башталды.

2 / 3

Маалыматка ылайык, долбоорду 2025-жылга бүтүрүү пландалууда.

3 / 3

Жалпы аянты 6 200 чарчы метр болгон оорукана беш блоктон турат

Маалыматка ылайык, долбоорду 2025-жылга бүтүрүү пландалууда.
Жалпы аянты 6 200 чарчы метр болгон оорукана беш блоктон турат. Анда консультациялык-диагностикалык бөлүм, операциялык бөлмөсү бар хирургиялык жана травматология бөлүмдөрү, ЛОР, көз, терапия, онкология, балдар жана башка бөлүмдөр салынат. Ошондой эле лаборатория, ашкана, кир жуучу жай, кампа каралган.
Мындан тышкары, оорукананын аймагына өлүккана, кычкылтек станциясы, откана, унаа токтотуучу жай түшүп, генератор орнотулат.
Радио
Өлкөдө бир типтүү мектеп, бала бакча, оорукана жана админимараттар салынат