Бишкекте жылуулук тармагы текшерилет. Түтүктөр жарылып, суу капташы мүмкүн

Мекеме сыноолорду жүргүзүү учуру келгенде үзгүлтүксүз жылуулук менен камсыздоо үчүн зарыл экенин белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. 22-апрелде "Бишкек жылуулук түйүнү" жылуулук тармактарын текшерип, басымды сынайт. Бул тууралуу ишканадан билдиришти.
Мекеме бул аракет жылуулук берүү мезгилинде керектөөчүлөрдү ишенимдүү жылуулук менен камсыз кылуу үчүн зарыл экенин белгиледи.
Сыноо иштери шаардын борбордук жагынан Лев Толстой көчөсү боюнча ЖЭБден баштап Курманжан датка көчөсүнө чейин ("Мадина" базары), темир жолду бойлой ЖЭБден Ибраимов көчөсүнө чейин, Шабдан баатыр проспекти боюнча Достоевский көчөсүнөн 7-Апрель көчөсүнө чейин, Чүй проспекти боюнча 7-Апрель көчөсүнөн Ибраимов көчөсүнө чейин, Ибраимов көчөсү боюнча Чүй проспектинен темир жолго чейин жүргүзүлөт. Ал эми калаанын түштүк жагында Жукеев-Пудовкин көчөсү боюнча темир жолдон Кулатов көчөсүнө дейре тийиштүү болот.
Сыноо учурунда түтүктөр, асфальт жарылып, суу каптап кетиши мүмкүн экени белгиленди.
Ишкана айдоочуларды этият болууга чакырып, күтүүсүз кырдаал жаралса (0312) 56 85 58, 0-701-611-166 телефондору аркылуу билдирип коюуну өтүндү.
Бишкекте 22-апрелден тарта ысык суу өчүрүлөт