Изилдөө борбору: ЕАЭБ Кыргызстандын экономикасы үчүн пайдалуу болду

Sputnik
БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. ЕАЭБ Кыргызстандын экономикасы үчүн көп пайда алып келди. Бул тууралуу Европа-Азия изилдөөлөр борборунун директору (Екатеринбург) Андрей Русаков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек берип жатып билдирди.
Анын айтымында, ЕАЭБ түптөлгөн 10 жылдан бери экономикалык аймакта иштөөнүн негизги механизмдери түзүлгөн.
Европа-Азия изилдөөлөр борборунун директору (Екатеринбург) Андрей Русаков
"Мурда кошумча бажы төлөмдөрү өлкөлөрдүн ортосундагы экономикага терс таасир этип, товар менен кызматтардын кымбатташына себеп болгон. Азыр, мисалы, кыргызстандык ишкерлер Бишкектен фурага товар жүктөп, Екатеринбургга көйгөйсүз жеткире аларын айтышууда. ЕАЭБ жок болсо жүк ташуучу унаа бир нече бажы көзөмөлүнөн, чек аралардан өтмөк. Андыктан ЕАЭБ Кыргызстандын экономикасы үчүн Россияга болгон 40 пайыздык экспорт менен көп пайда алып келди десек болот", — деп билдирди адис.
Ошондой эле ал уюмду өнүктүрүү жолу аяктай электигин, келечекте өзгөрүп жаткан дүйнөгө ылайыкташа биримдиктин функционалдуулугунун негизги фактору болуп каларын кошумчалады.
Кыргызстандын азык-түлүгү жаңы рынокторду багынта алабы? Сереп