"Мадина" базарындагы тамактануу жайлары алынып, тротуар менен жол салынат

Ушул жылдын 2-мартына чейин 186 чарчы метр муниципалдык жер бошотулганы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Борбор калаадагы "Мадина" базарындагы коомдук тамактануучу жайлар ээлеринин ыктыяры менен демонтаждалууда. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.
1 / 4

Борбор калаадагы "Мадина" базарындагы коомдук тамактануучу жайлар ээлеринин ыктыяры менен демонтаждалууда

2 / 4

Маалыматка ылайык, калаа башчысы Айбек Жунушалиев муниципалдык аймакка чыгып кеткен объектилерди бузуу процессин текшерген

3 / 4

2-мартка чейин 186 чарчы метр муниципалдык жер бошотулуп, иштер уланып жатканы белгиленди

4 / 4

Ошондой эле Свердлов районунун акимине айланасын көрктөндүрүү, ал эми "Бишкек жарык" муниципалдык ишканасына электр чубалгыларын талапка ылайык келтирүү тапшырылганы кошумчаланды

Маалыматка ылайык, калаа башчысы Айбек Жунушалиев муниципалдык аймакка чыгып кеткен объектилерди бузуу процессин текшерген. 2-мартка чейин 186 чарчы метр муниципалдык жер бошотулуп, иштер уланып жатканы белгиленди.
"Борбор калаанын башчысы объектилерди алууну тездетүүнү тапшырды. Алардын ордуна тротуар түшүп, жол реконструкцияланат", — деп жазылат маалыматта.
Ошондой эле Свердлов районунун акимине айланасын көрктөндүрүү, ал эми "Бишкек жарык" муниципалдык ишканасына электр чубалгыларын талапка ылайык келтирүү тапшырылганы кошумчаланды.
Бишкектеги Ататүрк сейил багында мыйзамсыз курулган объектилер бузулат