БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Бишкектеги "Беш-Сары" жоопкерчилиги чектелген коомунун негиздөөчүсү , экс-депутат Камчыбек Жолдошбаевдин баш коргоо чарасы өзгөрүп, абактан бошотулду. Бул тууралуу УКМК кабарлады.
Маалыматта Биринчи май райондук сотунун өкүмүнүн негизинде Жолдошбаев мамлекетке келтирген 150 миллион сомдук зыяндын ордун толтуруп, эч жакка чыкпоо боюнча тил кат жазып бергени айтылат.
Анткен менен тиешелүү тергөө иштери уланып жатканы белгилүү болду.
Эскерте кетсек, буга чейин Жолдошбаев ээлик кылган "Беш-Сары" ЖЧКсында ири өлчөмдө салыкты төлөөдөн качкан фактылар аныкталган. "Компаниянын администрациясы жетекчиликтин көрсөтмөсү менен көп жылдардан бери бухгалтердик кош эсеп жүргүзүп келген. Ошондой эле ЖЧКнын бухгалтериясы салык боюнча отчетторунда соода жайларынан түшкөн пайданы төмөндөтүп, салык органдарына жалган маалыматтарды берип келгени аныкталган. Мындан улам Камчыбек Жолдошбаев 22-февраль күнү кармалып убактылуу кармоочу жайга киргизилген болчу. Андан соң баш коргоо чарасы каралып, 19-апрелге чейин камакка алынган.