Тез жардам "Коопсуз шаардан" айып кагаз келип жатканына нааразы болууда

Нааразы болгондор менен Жол кайгуул кызматынын өкүлдөрү жана Жогорку Кеңештин депутаттары жолуккан.
Sputnik
БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Бишкекте Тез жардам кызматынын айдоочулары нааразычылык билдирип митингге чыгышты.
1 / 2

Бишкекте Тез жардам кызматынын айдоочулары нааразычылык билдирип митингге чыгышты.

2 / 2

ЖКККББдан маалымдашкандай, алар "Коопсуз шаардан" айып кагаздар келип жатканын айтып, 2023-жылы Бишкектин Тез жардам борборуна 2,7 миллион сом айып пул чыкканына нааразы болушууда.

ЖКККББдан маалымдашкандай, алар "Коопсуз шаардан" айып кагаздар келип жатканын айтып, 2023-жылы Бишкектин Тез жардам борборуна 2,7 миллион сом айып пул чыкканына нааразы болушууда.
Айдоочулар шашылыш чакыруулар болгондо эреже бузууга туура келерин, медиктер шаштырарын айтып, эми жол эрежесин бузгандан да коркуп калышканын белгилешкен.
Ошондой эле митингге чыккандар Тез жардам кызматын айып пулдан бошотуу керек деп эсептешет.
Нааразы болгондор менен Жол кайгуул кызматынын өкүлдөрү жана Жогорку Кеңештин депутаттары жолукту.
ЖКККББ депутаттарга камералар кандай иштээрин, жол эреже бузган учурда токтом кандай чыгарын көрсөтүшкөн.
Министрлик: Бишкекте дагы бир тез жардам ооруканасы түзүлөт