Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Маск Украинанын согуштагы абалы тууралуу үн катты

Sputnik
БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Америкалык ишкер Илон Маск Politico басылмасындагы Украинанын жеңилип бара жатканы боюнча макалага комментарий бергенин Sputnik Ближнее зарубежье жазды.
"Муну мен алдын ала эле айткам", — деп жазган Маск.
Ишкер X социалдык тармагынын колдонуучусунун Украина чатагынын ар кыл этаптары боюнча Politico басылмасынын темасын жарыялаган постунун алдына комментарий калтырган.
Ресурс мурда "Украина утуп баратат" деген маанайдагы материалдарды жарыяласа, эми "Украина жеңилүүгө жакындап бара жатат" деп жаза баштаган. Politico журналисти Украинанын Куралдуу күчтөрүндө ок-дарылар тартыш болуп жаткан маалда согуштун линиясы бул жайда үзүлүшү мүмкүндүгүн баяндаган.
Америкалык миллиардер буга чейин да Киев сүйлөшүү жолун тандашы керектигин белгилеген эле. Чатак улана берсе Киев Кара деңизге жолой албай калышы мүмкүндүгүн кошумчалаган.
"НАТОнун ушу кезге чейин тарап кетпегени кызык". Илон Масктын билдирүүсү