Депутат: Кыргызстанда азык-түлүк коопсуздугу боюнча көйгөй жаралышы мүмкүн

Былтыр Кыргызстанга 370,8 миң тонна буудай импорттолсо, анын 351,4 миңи Россиядан, калганы Казакстандан келген.
Sputnik
БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Казакстандагы селден улам Кыргызстанда азык-түлүк коопсуздугу боюнча көйгөй жаралышы мүмкүн. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Жумабеков билдирди.
Анын айтымында, бийлик азыр бул маселени ойлонуп, буудай менен арпа камдашы керек.
"Коңшу мамлекетте суу ташкындарынан улам түшүм жыйноодо кыйынчылыктар жаралышы мүмкүн", — деди ал.
Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, былтыр Кыргызстанга 370,8 миң тонна буудай импорттолсо, анын 351,4 миңи Россиядан, калганы (19,4 миң) Казакстандан келген.
Ал эми 2023-жылы 38 миң тоннадан ашык ун импорттолгон. Анын 29 миң тоннадан ашыгы Казакстандан, 7,8 миңи Россиядан алынган.
Ошко Россиядан дээрлик 400 тонна азык-түлүк жеткирилди