БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Камчы Көлбаевдин аукционго коюлган мүлкү Ататүрк паркынын аймагында экенин бүгүнкү жыйында билдирди.
Эскерте кетсек, буга чейин Бишкек мэри Ататүрк паркынын аймагындагы мыйзамсыз берилген жерлер кайтарыла турганын айткан. Ал эми кечээ Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча агенттик Камчы Көлбаев менен Райым Матраимовдун мүлкү аукционго коюларын маалымдады. Бекешевдин айтымында, тоорукка коюлган жер тилкенин бири Ататүрк сейил багында.
"Токтоналиев, 94 дарегинде жайгашкан жер тилке аукционго коюлган. Ал Ататүрк паркынын чек арасында жайгашып, Камчы Көлбаевден алынган. Бул боюнча менде бардык маалыматтар бар. Башка жарандардын жерин алып, мамлекет аукцион жарыялап, 18 миллион сомго сатса боло береби? Бул карама-каршылык. Эгер тыюу салынса, анда баарына бирдей болушу зарыл. Бул жерди аукциондон чыгарып, Ататүрк паркына өткөрүп бергиле деген өтүнүчүм бар", — деп кайрылды депутат президенттин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытовго.
Белгилей кетсек, кеп сейил бактын аймагындагы 600 миң чарчы метрлик жер тилке тууралуу болууда.