Радио

Ортопед: убакыт өткөн сайын тизе муундарынын кемирчеги желип баштайт

Травматолог-ортопед Жантай Шамбетов тизе муундарына күчтүү гормоналдык дарыларды тез-тез сайдырганда кемирчектер күйүп кетерин айтты.
Sputnik
Бейтапканаларда тизеге көбүнчө күчтүү гормоналдык дарыларды сайып коюшат. Эл да ошол себептен коркуп калган. Бул тууралуу Жантай Шамбетов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, тизе муундары атайын протоколдун негизинде гана дарыланат.
"Артроз оорусу өнөкөт оорулардын катарына кирет. Сөөктүн башында, тизе муунда кемирчек болот. Убакыт өткөн сайын кемирчек желип баштайт. Ар кимдики ар кандай өтөт. Адамдын жумушуна, салмагына жараша болот. Биздин апаларыбыздын көбү ашыкча салмак менен жүрөт. 50 жаштан кийин эле эч жерде иштебей үйдө отургандыктан кыймыл да аз болот. Көнүгүүлөрдү да жасабайт. Ошентип бара-бара кемирчектин пайдалуу заттары азая берет. Тизеде суюктук бар. Оору учурунда ал суюктук көбөйүп, тизе шишип оорутат. Бейтаптардын тизесиндеги ашыкча суюктукту алып, анын ордуна дары куябыз. Тизени дарылоонун да протоколу бар. Ошонун негизинде гана дарыланат. Ал эми "тизеге дары сайса баспай калат экен" деген болбогон кеп", — деди Шамбетов.
Ал "тизе кургап калыптыр" деп эл арасында айтылган сөз чындыкка дал келбесин кошумчалады.