Пресс-борбор

Бишкекте өтө турган "Өлбөс полк" жүрүшүнүн маршруту белгилүү болду

Жети чакырымды түзгөн маршрут ортодон кошула тургандар үчүн ыңгайлуу.
Sputnik
БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Быйыл Бишкекте "Өлбөс полк" жүрүшүнүн маршруту мурдагыдай эле (Түштүк дарбаза – Байтик баатыр/Абдрахманов көчөсү – Фрунзе көчөсү – "Жеңиш" аянты) болот. Бул тууралуу Афганстан жана башка согуштардын ардагерлеринин "Майдандагы бир туугандык" коомдук кыймылынын башкаруучулугунун төрагасынын орун басары Эмилбек Ункуев билдирди.
Афганстан жана башка согуштардын ардагерлеринин "Майдандагы бир туугандык" коомдук кыймылынын башкаруучулугунун төрагасынын орун басары Эмилбек Ункуев
Ал Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин пресс-борборунда өткөн брифингге катышкан.
"Түштүк магистралдан баштап "Өчпөс отко" чейин кеткен маршрут салттуу болуп калды. Бул тийиштүү органдарга жол кыймылы коопсуздугун камсыз кылууда дагы абдан ыңгайлуу", — деди Ункуев.
Коргоо министрлигинин өкүлү Белек Абдрахманов бул каттам жүрүшкө катышууну каалагандар үчүн оңтойлуу экенин кошумчалады.
Коргоо министрлигинин өкүлү Белек Абдрахманов
"Бул 7 чакырым аралыкты баса албагандарга ортодон кошулуп, иш-чарага катышууга мүмкүнчүлүк берет", — деп түшүндүрдү ал.
Пресс-борбор
Быйыл "Өлбөс полк" акциясы Кыргызстандын кайсы аймактарында өтөрү айтылды