Бишкек мэри орун басарынын кармалышы боюнча комментарий берди

Sputnik
БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев анын орун басары Максатбек Сазыкуловдун кармалышы боюнча комментарий берди.
Айтымында, укук коргоо органдарынын вице-мэрге карата суроолору бар, бирок ишке чекитти сот коёт.
"Сазыкулов менин транспорт жана коммуникация боюнча жооптуу орун басарым болчу. Укук коргоо органдарынын ага райондун акими болуп турган кезиндеги ишмердүүлүгү боюнча суроолору бар экен. Бул нерсе мен мэрликке келгенге чейин болгон. Акыркы чечимди сот чыгарат деп ойлойм", — деди Жунушалиев.
Эске салсак, Максатбек Сазыкулов кечээ күнү УКМК тарабынан кармалган. Ал мыйзамсыз баюу максатында аффилирленген жак менен жеке кызыкчылык үчүн тил табышып, ишкердик субъектиге негизсиз жана мыйзамсыз преференцияларды берүү боюнча туруктуу коррупциялык схеманы уюштурууга айыпталууда.
Ташиев УКМК кызматкери коррупцияга айыпталып кармалганын билдирди