Улуу Жеңиштин 79 жылдыгына карата өтчү иш-чаралар тизмектелди

Sputnik
БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Бишкекте Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 79 жылдыгына арналган жыйын-реквием өтөт. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, анын жүрүшүндө "Өлбөс полк" акциясын өткөрүү пландалууда.
Иш-чарага ардагерлер, чет мамлекеттердин аккредитацияланган аскердик дипломатиялык корпустарынын, коомчулуктун, жаштардын жана мектеп окуучуларынын катышуусу пландалып жатканы айтылды.
Жыйын-реквием Бишкек гарнизондук бөлүктөрүнүн өздүк курамынын салтанаттуу маршы менен аяктайт.
Мындан тышкары, Куралдуу күчтөрдүн бардык аскер бөлүктөрүндө жана мекемелеринде "Ачык эшик күнү" жана мектептерде Жеңиш күнүнө карата сабактар өткөрүлөрү кошумчаланды.
Кыргызстанда быйыл "Жеңиш диктанты" 26-27-апрелде өтөт