Викрам Рузахуновду кыйноо боюнча иш Казакстандын Баш прокуратурасына өткөрүлдү

Казакстандык төрт милиционер кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Sputnik
БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Кыргызстандык музыкант Викрам Рузахуновду кыйноо фактысы боюнча кылмыш иш Казакстандын Башкы прокуратурасына өткөрүлдү. Бул тууралуу музыкант социалдык баракчасы аркылуу маалымдаган.
Билдирүүгө ылайык, ишти аягына чыгаруу үчүн эки прокурор атайын Астанадан Алматыга жөнөтүлгөн.
"Учурда төрт милиция кызматкери кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди (алардын бирөө кыйнап жана зордук-зомбулук кылган фактыны мойнуна алган)", — деп жазган музыкант.
Эске салсак, Рузахунов 2022-жылы Казакстанда кармалган. Ал камерага өзүн жаманатты кылып, бирок кийин музыкант кыйноого кабылганын тастыктаган. Эркиндикке чыккандан кийин Казакстандын Ички иштер министрлигин сотко берген, бирок Астананын соту доо арызды канааттандыруудан баш тартып, ишти Жогорку сот карап жатат.
Министрлик: Улуттук госпиталдын кош бойлуу медайымы сабалды