Ошко Россиядан дээрлик 400 тонна азык-түлүк жеткирилди

Азык-түлүктү социалдык долбоорлорго катышкан жарандар алат.
Sputnik
БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Россиядан Кыргызстанга дээрлик 400 тонна азык-түлүк жеткирилгенин РФтин элчилиги билдирди.
Ошко 337,5 тонна байытылган ун, 60,7 тонна өсүмдүк майы алып келинди. Жардам БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы аркылуу берилди.
"Бул салым коомдук инфраструктураны калыбына келтирүүгө, климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин жеңилдетүүгө жана Кыргызстандагы мектептерди ысык тамак менен камсыздоого жардам бере турган долбоорлор аркылуу аялуу катмардагы үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтөт", — деди элчилик.
Кандай долбоорлор жөнүндө сөз болуп жатат:
ирригациялык тармактарды жана ичүүчү суу менен камсыздоо системаларын калыбына келтирүү;
тобокелдиктерди азайтуу үчүн бак-дарактарды отургузуу жана дарыя жээктерин бекемдөө;
айылда көпүрөлөрдү жана дренаждык системаларды куруу;
жашоо-тиричиликти өнүктүрүү жана айыл чарба тажрыйбалары үчүн мүмкүнчүлүктү жогорулатуу боюнча тренингдер.
Россия — Кыргызстандагы Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын эң ири донору. Акыркы 10 жылдын ичинде Россия өкмөтү Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы аркылуу кыргызстандыктарга ар кандай деңгээлде колдоо көрсөтүп келет.
Тилектештигиңерге рахмат! Россиянын элчиси кыргызстандыктарга кайрылды