Кытайда Германия лидерин аэропорттон вице-мэр тосуп алды. Видео

Шольцтун Кытай лидери Си Цзиньпин менен жолугары айтылган.
Sputnik
БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Расмий сапар менен Кытайга барган Германиянын канцлери Олаф Шольцту аэропорттон Чунцин шаарынын вице-мэри тосуп алды. Бул маалыматты Sputnik Ближнее зарубежье таратып, видеосун жарыялады.
Быйыл жылдын эсебинен Шольц Кытайга Батыштан барган биринчи лидер болуп калды.
Жергиликтүү телеканал анын Кытайдын түштүк-батышындагы Чунцин шаарына германиялык ишкерлерден турган ири делегация менен келгенин билдирген.
Шольцтун аталган шаардан тышкары 16-апрелде Шанхай жана Пекинге барары, Кытай лидери Си Цзиньпин, өкмөт башчы Ли Цян менен жолугары айтылган.
Путин Кытайдагы форумга катышуу үчүн Пекинге келди. Видео