Сел жүрөт! Кыргызгидромет шашылыш билдирүү таратты

Арыктарды, суу түтүктөрүн жана дренаждык түйүндөрдү тазалап турууну унутпаңыз.
Sputnik
БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Өлкөнүн аймактарында 15-16-апрелде күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Синоптиктердин айтымында, бүгүн-эртең катуу жааган жаанга байланыштуу Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү ыктымал.
Ал эми 16-апрелден 18-апрелге чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек — Ош автоунаа жолунун 121инчи (Төө-Ашуу ашуусу), 222-250 (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Каракол — Эңилчек автоунаа жолунун 45-90 (Чоң-Ашуу ашуусу), Барскоон-Ак-Шыйрак автоунаа жолунун 52-68-чакырымдарында (Сөөк ашуусу) кар көчкү түшүүcү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп муз тоңот.
Автоунаалардын ортосундагы 500 метр аралык сакталышы керек.
35 градуска чейин ысыйт. Май айына карата аба ырайы