Жаан-чачындуу болот. Алдыдагы аптага карата аба ырайынын божомолу

Синоптиктер 16-апрелде көпчүлүк облустарда мезгил-мезгили катуу жамгыр жаай турганын айтууда.
Sputnik
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги 21-апрелге чейинки аба ырайы тууралуу маалымат берди.
Ага ылайык, келерки аптанын биринчи жарымы өлкө боюнча жаан-чачындуу болуп, күндүн көзү 18-апрелден кийин ачылат.

Чүй жана Талас облустары

14-17-апрель күндөрү көпчүлүк аймактарга жамгыр төгүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Синоптиктер 18-20-апрелде күн ачык болорун билдирди.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен дубандары

Аптанын башы жаан-чачындуу болот. 16-апрелде айрым жерлерде катуу жамгыр жаайт. Облустарда жума аягы, 17-20-апрель аралыгында, күн ачык болору күтүлүүдө.

Ысык-Көл жана Нарын аймактары

Бул жерлерде дагы алдыдагы жума жамгыр менен башталат. 16-апрелде кээ бир жерлерде катуу жаан-чачын күтүлөт. 18-апрелде (түнкүсүн эске албаганда), 19-20-апрелде күн ачык болот.
35 градуска чейин ысыйт. Май айына карата аба ырайы