"Өлкө коопсуздугу үчүн керек": Жапаров Зардалы долбоору тууралуу айтты. Видео

Мамлекеттин башчысы Зардалыга жол мамлекеттин коопсуздугу үчүн зарыл экендигин белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Баткендин алыскы аймагында жайгашкан Зардалыга кеткен жол 2025-жылдын жазында салынарын билдирип, кыштакка барчу азыркы жолдун видеосун социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.
Мамлекет башчы бул жаатта жаңы долбоор иштелип жатканын, ал 2025-жылдын бюджетине киргизилерин айтты.
"Тилекке каршы, жол бир тилкелүү болот. Эки тилке кылууга мүмкүн эмес, аскалуу жерлери бар экен. Кулап кетүү коркунучу бар. Жол кыймылындагы коопсуздук үчүн бир тилкелүү жолдун ар кайсыл жерине каршы келе жаткан автоунааны өткөрүп жиберүү үчүн "чөнтөкчөлөр" жасалат", — деп жазды президент.
Мамлекет башчы бул жолдун маанилүү экенин белгилеген.
"Азырынча "жоктон көрө жогору дегендей", бир тилкелүү кылып салып туралы. Зардалыга жол мамлекеттин коопсуздугу үчүн зарыл", — деп түшүндүргөн Жапаров.
Былтыр Транспорт жана коммуникациялар министрлиги учурдагы жолдун бир катар тилкелери оңдолгондугун билдирген. Атайын техника жана жолчулар Сох-Кан — Зардалы жолунун 53-85-чакырым аралыгындагы бир унаа араң өтө турган тилкелерди тазалап, кооптуу жерлерди кеңейткен.
Зардалы — Баткен облусунун бийик тоолуу, жетүүгө кыйын зонадагы айылы. Аны башка айылдар менен жалгыз гана унаа жол туташтырат. Жол жыл сайын май-июнь айларында ачылып, кыш түшкөндө жүрүүгө мүмкүн болбой калат.
Эч ким телефон колдонбойт, TV көрбөйт! Табышмактуу кыргыз кыштагынан кызык баян