БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. ИИМдин имаратынын маңдайындагы сейил бак жаңыланууда. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирип, эскиздерин жарыялады.
"Ички иштер министрлигинин демилгеси менен аймакты көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүп жатканын маалымдайбыз. Жаңылоо иштери аяктаган соң Феликс Дзержинский атындагы сейил бак жарандар үчүн ачык болот", — деп айтылат маалыматта.
Учурда аталган аймак тосулган.