Мэрия: Ататүрк паркынын курулушка берилип кеткен 43 гектар жери кайтарылат

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев тийиштүү токтомго кол койгон.
Sputnik
БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Ататүрк паркында мурда курулушка бөлүнгөн 43 гектар жер кайтарылат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүдө Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев тийиштүү токтомго кол койгону айтылган.
Анда тийиштүү мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерге төмөнкүлөр тапшырылган:
Бекитилген чектерде парктын участокторун кайтарып алуу боюнча чараларды көрүү;
Сейил бактын аймагында мыйзамсыз тургузулган кыймылсыз мүлк объектилерин бузуу;
Сейил бакка келтирилген зыянды күнөөлүү адамдардын эсебинен калыбына келтирүү;
Укуктук баа берүү жана сейил бактын чектеринде жер тилкелерин бөлүп берүү жөнүндө чечим кабыл алгандарды жоопкерчиликке тартуу үчүн материалдарды прокуратура органдарына белгиленген тартипте жөнөтүү;
Ошондой эле "Бишкек башкы архитектура" муниципалдык ишканасына сейил бактын шаар куруу документтерин, тарыхый-маданий мурас объектисинин паспортун даярдоо үчүн сейил бактын аймагынын чек араларынын сүрөттөлүшүн даярдоо милдети коюлду. Мындан тышкары, Октябрь райондук администрациясына жана тийиштүү коммуналдык кызматтарга эс алуу жайларын уюштуруу үчүн аймакты көрктөндүрүү боюнча тийиштүү иштерди жүргүзүү тапшырылды.
Бишкек шаарынын муниципалдык менчигине жер тилкелерин кайтарып берүү жол-жоболору аяктагандан кийин сейил бактын аймагы Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу департаментине сейил бакты күтүү жана көрктөндүрүү үчүн мөөнөтсүз пайдаланууга берилери айтылды.
УКМК: 196 млн. сомдук тарыхый-маданий объект мамлекетке кайтарылды