Sputnik Кыргызстан агенттигинде конокто Транспорт жана коммуникация министрлигинин алдындагы Жол-транспорт коопсуздугун көзөмөлдөө жана күзөтүү башкармалыгынын жетекчиси Гүлсада Ибраимова, Кырсыктардын тобокелдиктерин азайтуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук платформасынын катчылыгынын жетекчиси Алмабек Айдакеев жана Ысык-Көл райондук администрациясынын жетекчиси Жапарбек Ормонов болду.
Биз Ысык-Көлдө суу транспортун колдонуу, инфраструктура түзүү жана экологияга тийгизген таасири тууралуу баарлаштык.
— Алмабек Абышович, өлкөдө суу транпортунун инфраструктурасын түзүү маселесин көптөн бери көтөрүп келе жатасыз. Алгач көйгөйдү ачып берсеңиз?
Алмабек Айдакеев: — Бул көп жылдан бери чечилбей келе жаткан маселе. Албетте, туризмди сөзсүз өнүктүрүү керек. Ал саясат менен экономиканы өзүнө камтыйт. Дизель менен жүрүүчү кемелердин моторунун алдына майлуу суулар сарыгат. Ушул майлуу сууларды көлгө агызбоо үчүн насостук станция керек. Экинчиден, жуунуучу жайлардан агып чыккан суулардын көлгө кошулбашы үчүн да борборлоштурулган канализация зарыл. Бизде кемелер үчүн май куйган бир да жай жок. Мен билгенден учурда буларга челектеп ташып май куюп жүрүшөт. Мындай учурда сууга төгүлүп кетүү коркунучу өтө жогору. Үчүнчүдөн, кемелердин корпусун үч же беш жылда бир тазалап туруу зарыл. Буга да мүмкүнчүлүк түзүлгөн эмес. Насостук станциялар шаардык коммуникацияга кошулушу керек. Бул да жок. Муну жеке менчик тараптар ишке ашырабы же мамлекетпи? Себеби кемелердин 95 пайызы менчик. Маселени Транспорт министрлиги чечиши керек. Негизи инфраструктура толук курулмайынча суу транспортунун иштешине уруксат берилбеши керек эле. Экологияга зыян болуп жатат.
Кырсыктардын тобокелдиктерин азайтуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук платформасынын катчылыгынын жетекчиси Алмабек Айдакеев
© Sputnik / Акбар Акжигитов
Жапарбек Ормонов: — Ысык-Көл району Кыргызстандагы туризмдин чордону болуп эсептелинет. Маалымат үчүн айтсам, президенттин №131 жарлыгынын негизинде акыркы кезде бардык суу транспорттору үчүн саркынды сууларды төгүүчү атайын жай курулган. Анда май куюучу жер да уюштурулган. Саркынды суулар куюлуучу челекке мөөр басылып, көзөмөлгө катуу алынды. Андан сырткары, президенттик администрацияда комиссия иштейт, алар да карайт. Учурда скутерлерди тейлөөдө маселе бар. Бул боюнча Транспорт министрлиги менен биргеликте иш алып барабыз. Муну менен катар туристтерди мыкты тейлөө жаатында суу транспортторунун техникалык коопсуздугу да көз жаздымда калбашы зарыл. Ар бир пляжда техникалык зоналарды өзүнчө бөлүүгө тапшырма берилүүдө. Мурда аралаш болчу.
— Гүлсада Идирисовна, ал эми суу транспортунун техникалык коопсуздугу жаатында министрликте кандай иштер жасалууда?
Гүлсада Ибраимова: — № 249 токтомдун негизинде суу транспортторун каттоодон жана текшерүүдөн өткөрүп, судалык билеттерди беребиз. Жалпы суу транспорту тармагынын ишмердигин кароо биздин башкармалыкка жүктөлгөн. Чоң кемелер үч жылда бир көтөрүлүп, тетиктери толук текшерилип турушу керек. Ал эми чакан кемелер эки жылда бир каралат. Бизде 900 кеме каттоодо турат. Текшерүү учурунда кеме айдоочусунун күбөлүгү жок болсо, мас абалында айдаса же эл көп жерде сүзүп жүрсө айып салынат. Кайыктарга миң метрден, моторлууларына 2000 метрден ары барууга болбойт. 2023-жылы 90 миң сомдой айып пул салынды. Азыр бизде 30дай ири кеме бар. Ысык-Көл облусу боюнча үч гана инспектор иш алып барууда. Ошондой эле кеме тазалоочу базалар эрежеге ылайык болушу керек. Бул транспортторду көтөрүп текшергенден тышкары, май куюучу, саркынды сууларын төгүүчү шарттар талап кылынат. Тилекке каршы, өлкөдө эки гана база бар. Суу транспортторунун баары буга батпайт. Балыкчыда да маселе көп.
А.А.: — Азыр суу транспорту Бостериде да колдонулат. Андан Ананьевого жылып баратат. Тамчынын тегерегинде да маселе көп. Иш бир-эки пирс менен бүтпөйт. Жакшы донор таап, мыкты адистер менен кеңешип долбоор жазуу зарыл. Ошону менен акырындап иш нугуна түшмөк. Туристтерге биринчи кезекте тазалык жана коопсуздук керек. Эс алуучулар үчүн сервис түзүп, ага инфраструктура да камтылышы зарыл. Долбоор жазылгандан кийин өлкөнүн суу транспортуна канча база, пирс керектиги жана материалдык чыгымы да такталат.
Ж.О.: — Ысык-Көлдө туристтерди тейлөөчү чоң кемелер иштеши керек. Ушундай заманбап тейлөөгө өтөбүз деген пландар бар. Көлдүн тегерегинде басып эс ала турган жер жок болчу. Былтыр мамлекет башчысынын жардамы менен 20 миң гектарга парк түштү.
— Негизинен Ысык-Көлдүн экологиясын сактап калуу маселесин көтөрүп жатабыз. Суу транспорту министрликке караса, көл жээги сиздерге тийиштүү. Жогоруда айтылган инфраструктура түзүү жаатында министрлик менен биргелешип конкреттүү иш алып бардыңыздарбы?
Ж.О.: — Акыркы эки жылда чоң кемелердин алдынан май, саркынды суулардын сарыгып чыгуу маселеси жолго коюлуп эле калды. Учурда Чолпон-Ата, Бостери, Кара-Ой айыл өкмөттөрүнүн көйгөйү чечилип жатат. Тамчы айыл өкмөтүндө да маселе бар. Тору-Айгыр айылында жуунуу үчүн таза суу жок. Мунун баары акырындан жолго коюлат. Ысык-Көлдө суу транспортунун алдынан май, саркынды суулардын сарыгып чыгышы маселе жаратып келген. Муну менен катар көлдөгү ар аймакты ар башка адам тейлейт. Экологдор, экологиялык полиция, суу транспортун көзөмөлдөөчү инспекторлор бар. Ушуга чейин баары эле жоопкерчилик алуудан качып келишкен. Быйыл атайын штаб түзүп, көл жээгин тейлеген органдар чогуу иш алып барууну пландап жатабыз. Ар бир тармактын алып бара турган иши жободо бекитилген. Бул жерде координациялык түзүм биригип, талаптар бузулса чечкиндүү кадамдарга барабыз.
— Гүлсада Идирисовна, Балыкчыда кемени көтөрүп тазалоочу база бар экенин айтып жатасыз. Анын абалы талапка жооп береби? Ошондой эле жаңы база салуу каралганбы?
Г.И.: — Өлкөдө суу транспортунун иштеши боюнча мыйзам жок. Министрлер кабинетинин тапшырмасы менен даярдалган мыйзам кабыл алынгандан кийин суу транспорту базаларынын иштөө эрежелери бекийт. Жоболорун даярдап койгонбуз. Буга чейин бир нече талап камтылган өкмөттүн үч негизги эрежеси көрсөтүлгөн. ЕАЭБдин да техникалык регламант боюнча талаптары бар. Эми мыйзам кабыл алынгандан кийин ушунун баарын толуктап, жергиликтүү бийлик жана тийиштүү министрликтер менен биргеликте ишти жолго салабыз. Биздин башкармалык мамлекеттик көзөмөлдөөчү органдардын тизмесинде. Ал эми Алмабек Абышович башында туруп иштеп чыккан ӨКМдин суу объектилериндеги адам өмүрүнүн коопсуздук эрежелеринде да суу транспортунун, акваториялардын ишмердиги, пляждардын кандай болушу керектиги жакшы көрсөтүлгөн. Бирок бул эрежелерди көзөмөлдөөчү мамлекеттик орган жок. "Суучулдар кызматы карайт" деп койгон, бирок алар көзөмөлдөөчү органдын катарына кирбейт. Биз көзөмөлдөөчү орган болуп берүүгө макулбуз. Анткени мыйзам бузгандар аныкталганы менен көзөмөлдөөчү орган тарабынан текшерилбесе натыйжа болбойт.
Транспорт жана коммуникация министрлигинин алдындагы Жол-транспорт коопсуздугун көзөмөлдөө жана күзөтүү башкармалыгынын жетекчиси Гүлсада Ибраимова
© Sputnik / Жантай Макенов
Ж.О.: — Ооба, кээ бир нормативдик актылардын жетишсиздигинен суу транспортторун туура эмес пайдалангандарга айып пул салууда же жээктеги айрым маселелерди көзөмөлдөөчү органды тактап бере албай калабыз.
А.А.: — Бул жаатта долбоор, мыйзам жоболорун жазуу боюнча 15 жыл деңиз флотунда кызмат өтөгөн адис катары жардамымды аябайм. ЕАЭБдин эрежелери келгенде айрым жерлерин оңдоп бергем. Себеби Россиянын суулары менен биздики айырмаланат. Жогоруда аким штаб түзүү боюнча туура маселени көтөрдү. Жайында Ысык-Көл районуна 600 миңден бир миллионго чейин адам барат. Ал эми 100 миң кишиге ылайыкталган жергиликтүү бийликтин кадрлары аларды тейлөөгө жетишпей калат. Ошол себептен жумуш ордун көбөйтүү керек. Ар бир ири кемеде врач болушу зарыл. Суу жээктеги кызматкерлер биринчи жардам көрсөтүү боюнча даярдыктан өтүшү керек.
Г.И.: — Коопсуздукту жергиликтүү эл да ойлосо. Анткени бизде үч гана инспектор бар. Алар баарын көзөмөлдөгөнгө жетишпейт. Ошол эле учурда жергиликтүү тургундар, жеке менчик ээлери баш ийбеген учурлар кездешет.
— Муну менен катар Ысык-Көлдөгү жуунуучу жайлардан агып чыккан саркынды суулар да көлдү булгай турганы белгилүү. Борборлоштурулган канализация куруу жаатында да иш пландар барбы?
Ж.О.: — Аксакалдар илгери көл жээгиндеги чычырканак өңдүү уникалдуу өсүмдүктөр жана токойлордо ар түрдүү канаттуулар болгонун ыйлап айтып беришчү. Көлдүн тазалыгына жергиликтүү эл да кызыкдар. Экологияны сактоо аймактагы бийликтин гана иши эмес. Бул баарыбыздын милдетибиз. Эс алганда тазалыкты, тартипти сактасак жакшы болор эле.
Азия өнүктүрүү банкы аркылуу Ысык-Көлдүн саркынды суу маселесин чечүү үчүн 64 миллион доллар бөлүндү. Быйыл көл жээктеп жөө басууга, велосипед менен жүрүүгө ылайыкталган 15 чакырым жол салуу пландалууда. Бостери айыл өкмөтүндө гана таштандыны кайра иштетүүчү завод бар. Райондун аймагына дагы бир завод куруу каралып жатат.