Азия чемпионаты: эркин күрөш боюнча Кыргызстан 3-орунду ээледи

Sputnik
БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатында Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курама командасы жалпы эсепте 3-орунду ээледи. Бул тууралуу Күрөш федерациясы кабарлады.
Курама команда жалпысынан бир алтын, бир күмүш жана экиколо медалга ээболгон. Алтынды 61 килограмм салмакта Тайырбек Жумашбек уулу алса, 125 килограмм салмакта Айаал Лазарев күмүш медаль уткан. Улукбек Жолдошбеков менен Алибек Осмонов коло медаль тагынышкан.
Жалпы эсепте 1-орунду Иран, 2-орунду Япония алган.
Кыргызстанда апрель ичи күрөш боюнча эки турнир өтөт