Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Аскерге жарамдуулар Украинадан ар кыл ыкма менен чыгып кетүүдө

Sputnik
БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Кызыл чырым уюмунун ыктыярчыларындай кийинип Румынияга өтүп кетүүгө аракет кылган Украинанын беш жаранын чек арачылар токтотуп калышкан. Бул туурасында Sputnik Ближнее зарубежье жазды.
Буга чейин да терможамынчылар менен чыгып кетүүгө аракет кылгандарды кармашкан. Андан сырткары, эркектерден турган дагы бир топ коңшу Румынияга чоң энесинин жаназасына бара жатканышканын айтып, ал тургай көрүстөнгө коюлчу гүлчамбар көтөрүп алышкан.
Украиналык теле алып баруучу Печий ЕБдин саммитин шылтоо кылып Европага өтүүгө далалат кылган.
Украиналык спортчулардын да чет жактагы турнирлерге барып, кайра кайтып келүүдөн баш тарткан учурлары кездешет.
Айтор, ар кыл ыкмаларды ойлоп тапкан ар кандай окуяларды тизмектөөгө болот. Антон аттуу украиналык жигит паспортундагы аты менен жынысын өзгөртүп жаздырып, Тоня болуп чыгып кеткенге аракет кылган.
Аталган өлкөдө "бизнестин жаңы түрү" — майыптыгы бар аялдардын никесин саткан фактылары кездешкен. Тагыраагы, эркек киши өз алдынча жүрө албаган "жубайын" чет өлкөгө коштоп чыгат. Алар болжогон жерине жеткен соң ажырашып, аял башка "кардарга" баш кошот.
Украинадан жыл сайын аскерге жарамдуу курактагы алты миңдей киши чыгып кетип жатканын 2023-жылдын декабрында Чек ара кызматынын Батыш башкармалыгынын өкүлү Игорь Матвийчук да айткан эле.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Небензя: аскерге чакыруу курагындагы украиналык эркектердин укугу бузулууда