Жардан кулап Папан суу сактагычына түшүп кеткен киши куткарылды

Sputnik
БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Оштогу Папан суу сактагычына жардан кулаган киши куткарылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, 25 жаштагы А.К. аттуу эркек киши Кара-Суу районунда жардан кулап, суу сактагычтын аймагынан чыга албай калган. Жерине райондон төрт куткаруучу тартылып, жабырлануучуну чыгарып Тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.
Учурда куткарылган адамдын абалы жакшы экени кошумчаланды.
Жылмайган тагдыр: үч ай океанда ити менен калып калган киши куткарылды. Видео