Радио

Аялдардын жатын моюнчасынын рагын кантип алдын алса болот?

Гинеколог-онколог, медицина илимдеринин кандидаты Чолпон Авасова гинекологиялык оорулардын келип чыгуу себептери жана алдын алуу жолдору тууралуу айтып берди.
Sputnik
Кыргызстанда аялдардын, анын ичинде жаш кыздардын арасында гинекологиялык оорулар көбөйүүдө. Ал эми онкологиялык оорулардан жатын, жатын моюнчасынын жана жумуртка безинин рагы оорусуна чалдыккандар арбын. Бул тууралуу Чолпон Авасова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, жатын моюнчасынын рагы Кыргызстандагы аялдардын рак оорулары арасында биринчи орунда турат.
"Жатын моюнчасынын рагын алгачкы стадияда аныктоого мүмкүн болгонуна карабастан аялдар дарыгерге сейрек кайрылышат. Гинекологдун пландуу профилактикалык текшерүүсү ооруну аныктоого жана бейтапты дээрлик жүз пайыз ыктымалдык менен айыктырууга жардам берет. Ошондуктан бардык аялдарды гинекологго жарым жылда бир жолу барып турууга чакырам. Жатын моюнчасынын рагы оорусунун негизги себеби адамдын папиллома вирусу экендиги далилденген. АПВ жатын моюнчасынын дисплазиясын, башкача айтканда, анын кыртышынын клеткаларында патологиялык структуралык өзгөрүүлөрдү пайда кылат. Бактыга жараша, мамлекет эки жыл мурун биринчи жолу 11-14 жаштагы өспүрүм кыздар арасында папиллома вирусуна каршы эмдөөнү баштаган. Бул кымбат вакцина. Бирок Саламаттык сактоо министрлиги бекер жасап жатат. Бул келечекте кыздарды жатын моюнчасы рагына кабылуу коркунучунан сактайт", — деди Авасова.
Ал жыныстык жашоо менен жашабаган кыздар жашына карабастан адамдын папиллома вирусуна каршы вакцина алып койсо болорун кошумчалады.